# 120-берене. Аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 120-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-120

---

1. Банктар аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо тутумуна катышат.

2. Аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо тутумун иштетүү тартиби Депозиттерди коргоо фондун түзүү жана аны пайдалануу, кепилдик учурлары келип чыкканда аманаттар боюнча компенсацияларды төлөө, ошондой эле депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын, банктардын, Улуттук банктын, мамлекеттик органдардын ортосундагы мамилелер жана башка ушул чөйрөдө келип чыгуучу мамилелер банк аманаттарын коргоо тууралуу мыйзам менен жөнгө салынат.

3. Банк эл аралык банктык тажрыйбада колдонулуучу депозиттерди коргоонун кошумча түрлөрүн тандай алат.

---

Мурунку берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-119)  
Кийинки берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-121)
