# 12-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 12-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-12

---

Даттанууларды жана арыздарды кароо. Талаш-тартыштар.

1. Банктык кызмат көрсөтүүчү жактарда кардарлардын даттанууларын жана арыздарын (талаштарын) кароо тартибин жөнгө салуучу документтер болууга тийиш. Кардарлардын даттануулары жана арыздары отуз календардык күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндө жооп берүү менен каралууга тийиш.

2. Кардарлардын каралган даттанууларынын жана арыздарынын (талаштарынын) натыйжалары боюнча документтер белгиленген тартипте кеминде үч жыл сакталууга тийиш.

3. Эгерде келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаш-тартыштар тараптардын макулдашуусу боюнча чечилбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, анын ичинде талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуунун алкагында чечилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-13)
