# 118-берене. Чындыкка ылайык келбеген жарнамаларга тыюу салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 118-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-118

---

1. Банктарга банктагы иштин чыныгы абалына шайкеш келбеген жарнамаларды берүүгө тыюу салынат. Улуттук банктын талабы боюнча банк талапка жооп бербеген жарнамаларын жана башка ушуга окшош маалыматтарын белгиленген мөөнөттө өзгөртүүгө, талапка ылайык келтирүүгө же кайра чакыртып алууга милдеттүү.

2. Ушул беренеге ылайык Улуттук банктын талаптары аткарылбаган учурда Улуттук банк банктын жарнамалары чындыкка ылайык келбегендиги тууралуу маалыматты банктын эсебинен жарыялоого жана ага карата ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.

3. Банктарга саясий ишти, анын ичинде саясий партияларды жана шайлануучу кызматтарга талапкерлерди каржылоого, анын ичинде акысыз негизде каржылоого, саясий өңүттөгү жарнамаларды берүүгө, ошондой эле башкача түрдө саясий иш-чараларга катышууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-119)
