# 117-берене. Банк ишинде коркунуч туудурууга жана аны алгылыксыз, кооптуу банктык тажрыйбага тартууга жол бербөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 117-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-117

---

1. Өз ишин жүзөгө ашырууда банктар аманатчыларынын жана насыя берүүчүлөрүнүн таламдарына, Кыргыз Республикасынын финансы жана банк тутумдарынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген жагдайларга жол бербөөгө, ошондой эле банктын алгылыксыз, кооптуу банктык иш тажрыйбасына тартылышына бөгөт коюуга милдеттүү. Улуттук банк алгылыксыз жана кооптуу банктык иш-тажрыйбаны жүзөгө ашыруу белгилерин аныктайт.

2. Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылган, ошондой эле банктын аманатчыларынын жана насыя берүүчүлөрүнүн таламына Кыргыз Республикасынын финансы жана банк тутумунун туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген жагдайды түзгөн банктарга жана алардын кызмат адамдарына карата ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-116)  
Кийинки берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-118)
