# 113-берене. Банктын инвестициялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 113-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-113

---

1. Банк төмөнкү талаптарды жана чектөөлөрдү сактоо менен инвестицияларды жүзөгө ашырышы мүмкүн:

1) банктын банктык эмес уюмдарга катышуусу узак мөөнөттүү инвестициялоо катары ишке ашырылууга тийиш;

2) ар бир банктык эмес уюмга кандай гана инвестиция болбосун, финансылык салымдарды жана насыяларды кошо алганда, өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучулук) капиталынын он беш пайызынан азыраагын түзүүгө тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын алтымыш пайызынан ашпайт;

3) кыймылсыз мүлккө инвестициялардын өлчөмү белгиленген лимиттерден ашпоого тийиш;

4) өз ара байланыштуу жактар бир жак катары каралат.

2. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруучу банктын инвестициялык саясатына карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

3. Инвестицияларды жүзөгө ашыруу боюнча банктарга карата башка талаптар жана чектөөлөр жана алардын банктын капиталына тийгизген таасири Улуттук банк тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-112)  
Кийинки берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-114)
