# 112-берене. Насыя берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 112-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-112

---

1. Банк жоопкерчиликтүү насыя берүү принциптерин жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен насыя берүүнү ишке ашырууга тийиш.

2. Банк банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүчү насыя саясатына ээ болууга тийиш.

3. Банкта насыялык тобокелдиктерди башкаруунун натыйжалуу тутуму иштөөгө тийиш.

4. Директорлор кеңеши банктын насыя саясатынын, лимиттердин, насыя тобокелдиктерин башкаруу өбөлгөлөрүнүн жана жол-жоболорунун тутумунун, насыя тобокелдиктерин башкаруу боюнча ички контролдоо жана ички аудит тутумунун шайкештигин мезгил-мезгили менен жылына кеминде бир жолу кайрадан карап чыгууга милдеттүү.

5. Банк бүтүндөй банктык продуктыларда, операцияларда жана банк ишинде орун алган насыялык тобокелдиктерди башкарууга тийиш.

6. Банкта Улуттук банктын насыя берүүгө жана насыя тобокелдигин башкарууга карата талаптарын эске алуу менен насыя берүүнүн тартиби белгиленет.

7. Каражаттарды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин спецификасын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-113)
