# 110-берене. Таламдардын кагылышуусуна жол бербөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 110-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-110

---

1. Банктын Директорлор кеңеши банк ишинин бардык деңгээлинде таламдардын каршы келип калышын идентификациялоо жана ага жол бербөө боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш.

2. Банк таламдардын кагылышуусуна байланышкан банктын ишиндеги ыктымалдуу коркунучтар жөнүндө банктын жетекчилигине маалымдоо жол-жоболоруна ээ болууга тийиш.

3. Банктын кызмат адамы кызматка дайындалганга (шайланганга) чейин жакын туугандарынын тизмесин банкка берүүгө милдеттүү. Банк менен өзүнүн ортосунда таламдардын кагылышы келип чыккандыгы жөнүндө билген кызмат адамы же банк кызматкери ал тууралуу банктын Башкармалыгына жана/же Директорлор кеңешине дароо билдирүүгө милдеттүү.

4. Банк орун алган таламдардын кагылышуусу жөнүндө маалымат базасын жүргүзүүгө тийиш.

5. Таламдардын кагылышуусунун өз учурунда аныкталбагандыгы Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-109)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-111)
