# 109-берене. Банктын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 109-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-109

---

1. Банктын кызмат адамдары банктын мыкты таламында ак ниеттүү жана акылга сыярлык иштөөгө милдеттүү, бул алар тарабынан төмөнкү талаптардын сакталышын болжолдойт:

1) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын жана банктын уставынын талаптарын сактоо менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аракеттенүү;

2) берилген ыйгарым укуктарды алар көздөп берилген максаттарда колдонуу;

3) алгылыктуу мөөнөттөрдө жеткиликтүү маалыматтарды алуу үчүн мүмкүн болушунча күч-аракеттерди жумшагандан кийин жеке квалификациясынын жана иш-тажрыйбасынын негизинде ойлонулган чечимдерди кабыл алуу;

4) таламдардын кагылышына жол бербөө боюнча талаптарды сактоо, таламдардын кагылышы келип чыккандыгы тууралуу банктын башкаруу органдарына өз учурунда билдирүү;

5) бир акционердин таламын башкалардын таламынан жогору койбостон акционерлерге карата теңдештик принциптерин сактоо;

6) бардык белгилүү болгон банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч келтирген инциденттер жөнүндө банктын башкаруу органдарына билдирүү.

2. Улуттук банк банктын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттерине карата башка талаптарды белгилөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-110)
