# 105-берене. Ички контролдоо тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 105-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-105

---

1. Ички контроль - банктын төмөнкү максаттарга жетишүүсүнө багытталган үзгүлтүксүз процесс:

1) иштин натыйжалуулугуна жана жыйынтыгына, активдерди жана пассивдерди башкаруунун натыйжалуулугуна, активдердин сакталышын камсыздоого, тобокелдиктерди натыйжалуу башкарууга;

2) ички жана тышкы пайдалануучулар үчүн финансылык, жөнгө салуучу жана башка отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүн, толуктугун, объективдүүлүгүн жана өз учурунда түзүлүшүн жана берилишин камсыздоо;

3) мыйзамдуулукту жана банктын ички ченемдик укуктук документтерин сактоо.

2. Банктын ички контролдоо тутуму төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш:

1) банктын башкаруу органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызмат адамдарынын компетенциясын, ыйгарым укуктарынын жана жоопкерчиликтеринин бөлүнүшүн, банктагы акы төлөө тутумун караган банктын тиешелүү уюштуруу түзүмүн;

2) тиешелүү ички маалымат тутумун жана өз учурунда чечим кабыл алууга, маалымат коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген башкаруу органдарына маалымдоо тутумун;

3) тобокелдиктерге, тобокелдиктерди башкаруу жана аларды баалоо тутумдарына туруктуу байкоо жүргүзүүнү;

4) ички контролдун тиешелүү жол-жоболорун;

5) ички контролдоо тутумун анын кемчиликтерин аныктоо жана өркүндөтүү максатында мезгил-мезгили менен өзүн-өзү баалоо.

3. Банктын Директорлор кеңеши банктын ички контролдоо тутумунун талаптагыдай уюштурулушун жана иштешин камсыз кылууга милдеттүү.

4. Ички контролдоо тутумун уюштуруу жана иштетүү боюнча банктарга карата талаптарды Улуттук банк белгилейт.

---

Мурунку берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-104)  
Кийинки берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-106)
