# 104-берене. Банктын Башкармалыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 104-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-104

---

1. Банктын Башкармалыгы банктын аткаруучу органы болуп саналат. Банктын Башкармалыгынын компетенциясына банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун жана Директорлор кеңешинин компетенциясына гана кирген маселелерден тышкары, банктын күндөлүк ишин жетектөө боюнча бардык маселелер кирет. Банктын Башкармалыгы банктын акционерлеринин жалпы чогулушу жана Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдуу чечимдердин аткарылышын камсыздоого милдеттүү.

2. Банктын Башкармалыгынын компетенциясы, иш-тартиби жана жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдар жана банктын уставы менен белгиленет.

3. Банктын Башкармалыгы бештен кем эмес адамдан турууга тийиш. Башкармалыктын мүчөлөрү банктын уставында каралган, бирок беш жылдан ашпаган мөөнөткө дайындалышат. Башкармалыктын мүчөлөрү кайрадан дайындалышы мүмкүн.

4. Банкты уюштуруу учурунда Башкармалыктын мүчөлөрү алгач банктын уюштуруучулары тарабынан дайындалат, ал эми кийин алар банктын Директорлор кеңеши тарабынан кызматка дайындалат.

5. Эмгекке толук жөндөмдүү жана Улуттук банктын кынтыксыз ишкердик абройго, кесиптик жарамдуулукка жана иш-тажрыйбага карата белгиленген талаптарына ылайык келген жеке жак гана банктын Башкармалыгынын мүчөсү боло алат.

6. Банктын Башкармалыгына банктын Директорлор кеңеши дайындаган Башкармалыктын төрагасы жетекчилик кылат. Башкармалыктын төрагасынын орун басарлары кызмат орундары боюнча Башкармалыктын мүчөлөрү болуп саналат. Банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү банктын Башкармалыгынын төрагасынын сунушу боюнча банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалат.

7. Төмөнкүлөр банктын Башкармалыгынын мүчөсү боло албайт:

1) банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп саналган адам же Улуттук банктын көзөмөлүндө турган башка банктын же банктык эмес финансы-насыялык уюмдун кызмат адамы болуп саналган адам;

2) банктын капиталына олуттуу катышууга ээ болгон акционер же Улуттук банктын көзөмөлүндө турган башка банктын же банктык эмес финансы-насыялык уюмдун олуттуу акционери болуп саналган адам;

3) Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербеген ар кандай башка адам, ошондой эле мыйзамдар же соттун чечими боюнча мындай кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган адам.

8. Башкармалыктын мүчөсү ушул Мыйзамдын ченемдерин бузган учурда Улуттук банктын чечими боюнча банктын Башкармалыгынын мүчөсү четтетилген учурга карата эмгек акысы төлөнбөстөн, өз милдеттерин аткаруудан четтетилиши мүмкүн.

9. Банк Башкармалыгынын мүчөсү Улуттук банктын чечими боюнча төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан бошотулууга тийиш:

1) кынтыксыз кызматтык аброюнан ажырап калса;

2) таламдардын кагылышын жашыргандыгы же банктык бүтүмдү түзүүгө кызыкдар экендиги жөнүндө факты аныкталса;

3) эгерде адам квалификациялык талапка, кынтыксыз кызматтык абройго жана көз карандысыздыкка карата белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги жөнүндө тастыктаган маалыматты жашырган болсо;

4) Улуттук банктын баасы боюнча Башкармалыктын мүчөсүнүн аракеттери же аракетсиздиги банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч алып келсе.

10. Банктын Башкармалыгынын мүчөсүн четтетүү же ишинен бошотуу жөнүндөгү Улуттук банктын чечими, мындай чечим чыгарылган күндөн тартып күчүнө кирет.

11. Банктын Башкармалыгынын жыйыны зарылчылыкка жараша, бирок айына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Эгерде банктын уставында өтө жогору кворум белгиленбесе, банктын Башкармалыгынын жыйыны анын курамынын кеминде 2/3 катышса, чечим кабыл алууга укуктуу (кворум) деп эсептелет. Банктын Башкармалыгынын чечимдери жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуш берүүдө Башкармалыктын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Банктын Башкармалыгынын мүчөсүндө таламдардын кагылышуусу келип чыккан учурда, ал талкууга жана добуш берүүгө катышууга укуксуз.

12. Банктын Башкармалыгынын жыйынынын протоколун Башкармалыктын катчысы жүргүзөт. Банктын Башкармалыгынын жыйынынын протоколуна төрагалык кылуучу, банктын Башкармалыгынын жыйынга катышып олтурган мүчөлөрү жана банктын Башкармалыгынын катчысы кол коёт. Эгерде банктын Башкармалыгынын мүчөсү банктын Башкармалыгынын жыйынына катышпай калса, ал кийинчерээк банктын Башкармалыгынын жыйынынын протоколу менен кол коюу аркылуу таанышууга милдеттүү.

13. Банктын Башкармалыгынын төрагасы жана мүчөлөрү банктын Башкармалыгынын жыйындарында кабыл алынган чечимдер үчүн жеке жоопкерчиликти тартат. Эгерде Башкармалыктын мүчөсүнүн пикири боюнча банкта кабыл алынган чечимдер анын финансылык туруктуулугуна, насыя берүүчүлөрдүн укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына коркунуч алып келе турган болсо, Башкармалыктын мүчөсү банктын Директорлор кеңешине бул тууралуу маалымдоого милдеттүү. Эгерде Директорлор кеңеши Башкармалыктын мүчөсүнүн маалыматын этибарга албаса, банктын Башкармалыгынын мүчөсү бул жөнүндө Улуттук банкка билдирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-103)  
Кийинки берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-105)
