# 103-берене. Банктын корпоративдик катчысы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 103-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-103

---

1. Банкта корпоративдик катчынын кызмат орду уюштурулууга тийиш. Корпоративдик катчы банктын кызмат адамы болуп эсептелет, банктын Директорлор кеңеши тарабынан шайланат. Банктын корпоративдик катчысынын өз алдынча кызматын банктагы башка милдеттерди аткаруу менен айкалыштырууга банктын Директорлор кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.

2. Корпоративдик катчы акционерлердин жалпы чогулушунун жана Директорлор кеңешинин протоколдорун жүргүзөт, алардын чечимдеринин аткарылышына контролду ишке ашырат, банктын башкаруу органдарынын ортосунда талаптагыдай корпоративдик өз ара аракеттенүүнүн камсыздалышына көмөк көрсөтөт жана Улуттук банк тарабынан аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-102)  
Кийинки берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-104)
