# 102-берене. Директорлор кеңешинин комитеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 102-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-102

---

1. Банктын Директорлор кеңеши өз иш-милдеттерин аткаруу үчүн комитеттерди жана башка көмөкчү эксперттик-консультациялык органдарды түзө алат. Директорлор кеңешинин комитеттери Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн түзүлөт. Комитеттер банктын башкаруу органы болуп саналбайт, Директорлор кеңешин алмаштыра албайт жана алардын иш-милдетин да аткарбайт.

2. Директорлор кеңеши милдеттүү түрдө төмөнкү комитеттерди түзөт:

1) тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитет;

2) аудит боюнча комитет;

3) дайындоолор жана сый акылар боюнча комитет.

Банкта Жаңы продуктылар боюнча комитет, Комплаенс-контроль боюнча комитет жана башка комитеттер түзүлүшү мүмкүн.

3. Комитеттерди түзүү тартибине карата талаптар, алардын компетенциясы жана жоопкерчилиги Улуттук банк тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-101)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-103)
