# 101-берене. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июня 2021 года № 77 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112257)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486#diff=1181079..1181080>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 101-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-101

---

1. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү - бул шайлоо учуруна карата:

1) ошол банктын кызматкери болбогон же банк менен байланыштагы кайсы болбосун юридикалык жактын акыркы беш жыл ичинде кызматкери болуп иштебеген;

2) акыркы беш жыл аралыгында тиешелүү банктын Башкармалыгынын мүчөсү болбогон жана болуп көрбөгөн же болбосо банк менен байланыштагы юридикалык жактардын Башкармалыгынын мүчөсү болбогон;

3) Директорлор кеңешинин жыйынына катышууга байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү кошпогондо, ошол банктан же банкка байланышкан жактардан же алардын атынан акыркы беш жыл ичинде тике же кыйыр түрдө эч кандай олуттуу кошумча акы, компенсацияларды, жөлөкпулдарды же ыктыярдуу жардамдарды албаган;

4) ушул банк же банк менен байланыштыгы бар кайсы жак болбосун акыркы беш жыл аралыгында түздөн-түз же өнөктөш катары олуттуу ишкердик байланышка (зайымдарды берүүнү жана алууну кошо алганда) ээ болбогон;

5) ушул банктын же банк менен байланыштыгы бар жактардын учурда иштеп жаткан же мурдагы тышкы аудиторунун акыркы беш жыл ичинде өнөктөшү же кызматкери болуп саналбаган;

6) ушул банктын ишине олуттуу катышууну же контролдоону ишке ашырбаган жана банктын ишине олуттуу катышуучу же банктын үстүнөн контролду ишке ашыруучу акционердин атынан иш алып барбаган;

7) акыркы төрт жыл ичинде бул банктын Директорлор кеңешинин курамына кирбеген;

8) ушул бөлүктүн 1-7-пункттарында эске алынган жактар менен жакын туугандык мамиледе болбогон адам.

(КР 2021-жылдын 24-июнундагы N 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-100)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-102)
