# 1-берене. Банктык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111486)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92 "О Национальном банке Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2304/edition/1181069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111486/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө, 1-берене (11.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-1

---

1. Банктык мыйзамдар банк ишин жүзөгө ашыруу, акча-насыя жана валюта саясаттарын жүргүзүү, төлөм тутумунун иш-чөйрөсүндөгү мамилелерди (банктык укуктук мамилелерди), ошондой эле банктык укуктук мамилелердин катышуучуларынын укуктук статусун, компетенциясын, өз ара мамилелерин жана жоопкерчиликтерин жөнгө салат.

2. Банктык укуктук мамилелердин катышуучулары болуп төмөнкүлөр эсептелет: мамлекет - ыйгарым укуктуу орган катарында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк), банктар, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер, ошондой эле резидент эместер.

3. Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктык эмес финансы-насыя уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын иши, эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мыйзамдар тарабынан жөнгө салынат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111486/st-2)
