# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111485)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 203 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 203
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111485/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2303/edition/762525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111485/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111485/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 394-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"394-статья. Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда камакта кармалган адамдарга тыюу салынган предметтерди жана заттарды берүү Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда камакта кармалган адамдарга тыюу салынган предметтерди жана заттарды берүү, - жарандарга - тыюу салынган предметтерди жана заттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - тыюу салынган предметтерди жана заттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

2) 28-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3941-статья менен толукталсын:

"3941-статья. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана ага жанаша жайгашкан аймакта кароо жүргүзүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын аткарбоо Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана ага жанаша жайгашкан аймакта болгон адамдарга, алардын буюмдарына жана транспорт каражаттарына кароо жүргүзүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын аткарбоо, - жеке адамдарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

3) 5561-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун отузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жазык-аткаруу тутумунун чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (394, 3941-статьялар);".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111485/st-2)
