# 365-берене. Жоюу

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111481)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2299/edition/761565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111481/st-365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 365-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-365

---

1. Оригинатор төмөнкүдөй учурлардын кайсынысында болбосун тиешелүү исламдык баалуу кагаздарды жоёт же сатып алат:

1) исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде белгиленген учурларда;

2) контракттын шарттарында каралган учурларда;

3) Исламдык атайын финансылык компанияны жоюу жөнүндө чечим кабыл алынганда;

4) үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттарын, инвестициялык агенттиктин сертификаттарын же өнөктөштүк сертификаттарын чыгарууда - инвестициялык долбоор аяктаган учурда.

2. Инвестициялык долбоор аяктады деп эсептелет:

1) инвестициялык долбоордун мөөнөтү бүткөн учурда;

2) исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектине ылайык.

3. Исламдык баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда жойгон учурда оригинатор исламдык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жетиштүү акчанын суммасын Исламдык атайын финансылык компаниянын бөлүнгөн активдерине которот (өткөрүп берет).

Исламдык атайын финансылык компания исламдык баалуу кагаздарды кармоочулар менен эсептешүүнү бөлүнгөн активдерге кирген каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырат.

4. Оригинатор жоюлган учурда инвестициялык долбоорго катыштырылган кайсы болбосун мүлк исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү тарабынан сатылат жана сатуудан түшкөн кирешелер исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын ортосунда алардын үлүштөрүнө ылайык бөлүштүрүлөт.

---

Мурунку берене: [364-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-364)  
Кийинки берене: [366-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-366)
