# 362-берене. Исламдык баалуу кагаздардын түрлөрү

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111481)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2299/edition/761565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111481/st-362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 362-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-362

---

Кыргыз Республикасында эмитенттер төмөнкүдөй баалуу кагаздарды чыгарышы мүмкүн:

1) исламдык ижаралык сертификаттар (Сукук аль Ижара), мында оригинатор эмитентке менчик укугун же белгилүү бир активдерди пайдалануу укугун берет, ал эми эмитент исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда ижара акысын алуу үчүн бул активдерди кайрадан оригинаторго ижарага берет;

2) долбоордук финансылоонун исламдык сертификаттары (Сукук ал Истисна), мында эмитент оригинаторго белгилүү бир активдерди өндүрүүгө ыйгарым укук берет, ал эми активдерди өндүрүү бүткөндөн кийин эмитент исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда ижара акысын алуу үчүн бул активдерди оригинаторго ижарага берет;

3) үлүштүк катышуунун исламдык сертификаттары (Сукук аль Мудараба), мында эмитент белгилүү бир бизнесте эмитенттин салымдарын башкаруу үчүн оригинаторду өзүнүн жоопкерчилиги чектелген өнөктөшү кылып дайындайт, ал эми пайда исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда бөлүнөт;

4) инвестициялык агенттиктин исламдык сертификаттары (Сукук аль Уакала Би Аль Иститмар), мында эмитент оригинаторду исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда эмитенттин салымдарын башкаруу үчүн өзүнүн агенти кылып бекитет;

5) өнөктөштүктүн исламдык сертификаттары (Сукук аль Мушарака), мында эмитент жана оригинатор капиталын же активдерин белгилүү бир бизнеске салат жана оригинатор бул бизнести башкаруучу болуп дайындалат, мында бул бизнестен түшкөн пайдалар исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде баяндалган шарттарда бөлүштүрүлөт.

---

Мурунку берене: [361-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-361)  
Кийинки берене: [363-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-363)
