# 361-берене. Исламдык баалуу кагаздардын өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111481)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2299/edition/761565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111481/st-361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 361-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-361

---

1. Исламдык баалуу кагаздар эмитенттин белгилүү бир менчигиндеги же бизнесиндеги исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын алардын инвестицияларына пропорционалдуу бөлүнгүс укугун билдирет.

2. Исламдык баалуу кагаздарды чыгарууда бул кагаздардын эмитенти төмөнкүлөргө укугу жок:

1) исламдык баалуу кагаздарды кармоочуга пайыздарды төлөп берүүгө;

2) исламдык баалуу кагаздарды кармоочуга баалуу кагаздар боюнча кирешени кепилдөөгө.

3. Исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттар Кыргыз Республикасынын жана анын жарандарынын кызыкчылыктарына зыян алып келиши мүмкүн болгон, мыйзамда тыюу салынган иштерди финансылоого жумшалбашы керек.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-1)  
Кийинки берене: [362-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-362)
