# 1-берене

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111481)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 202 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2299/edition/761565/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111481/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-1

---

"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Исламдык атайын финансылык компаниянын бөлүнгөн активдери - исламдык атайын финансылык компания сатып алуучу мүлк жана талап кылуу укуктары, алар боюнча түшкөн каражаттар. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочу - эмитенттин белгиленген менчигинде же бизнесинде ага пайызды камсыз кылуучу кеминде бир исламдык баалуу кагазы бар жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ болгон жеке же болбосо юридикалык жак. Исламдык баалуу кагаздарды ишенимдүү башкаруу - карамагына өткөрүп берилген исламдык баалуу кагаздарды юридикалык жактын сый акы үчүн (белгилүү бир мөөнөттүн ичинде) өз атынан ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруусу. Инвестициялык долбоор - инвестициялык макулдашуунун негизинде ишке ашырылуучу, белгилүү бир мезгилдин ичинде белгиленген натыйжаларга жеткенге чейин инвестицияларды практикалык ишке ашырууну кароочу иш-чаралардын жана документтердин комплекси. Исламдык баалуу кагаздар - эмитенттин белгиленген менчигиндеги же бизнесиндеги бөлүштүрүлгүс үлүшкө карата менчик укугун күбөлөндүрүүчү, исламдык финансылоо принциптеринин (Шарият стандарттарынын) негизинде чыгарылуучу баалуу кагаздар. Исламдык атайын финансылык компания - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык исламдык баалуу кагаздарды чыгарууну жүзөгө ашыруучу оригинатор түзгөн юридикалык жак. Оригинатор - сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде исламдык атайын финансылык компанияга активдерин же бизнесин берүүчү жана/же исламдык атайын финансылык компаниянын уюштуруучусу болуп эсептелүүчү юридикалык жак. Исламдык баалуу кагаздарды жоюу - кармоочуга таандык исламдык баалуу кагаздардын санынын ушул чыгарылыштагы исламдык баалуу кагаздардын жалпы санына карата катышындагы пропорционалдуу үлүшкө туура келүүчү акчалай сумманы бөлүнгөн активдердин эсебинен, исламдык баалуу кагаздардын чыгарылышынын проспектинде белгиленген мөөнөттө, Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөө. Исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын өкүлү - баалуу кагаздар рыногунун эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде, исламдык баалуу кагаздарды кармоочулардын кызыкчылыгында аракет жүргүзүүчү кесипкөй катышуучусу. Резервдик фонд - исламдык баалуу кагаздарды жайгаштыруудан алынган акча каражаттарын инвестициялоонун натыйжасында келип чыгуучу чыгашаларды жабууга арналган каражаттар, аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби исламдык баалуу кагаздар чыгарылышынын проспектинде аныкталат. Шарияттык кеңеш - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлгөн, исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу финансылоонун исламдык принциптерине ылайык келүүсүн ырастоочу көз карандысыз орган.";

2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 61-глава менен толукталсын:

"61-глава. Исламдык баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү

---

Кийинки берене: [361-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111481/st-361)
