# 9-берене. Арыз ээсинин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2022 года № 91 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2298/edition/1180024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111480/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 9-берене (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-9

---

1. Арыз ээси төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ушул Мыйзамда каралган тартипте мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берилиши үчүн кайрылууга;

2) өзүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө, ошондой эле жазуу жүзүндө жана оозеки формаларда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө толук маалымат алууга;

3) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнү канааттандыруу же болбосо андан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө чечимди алууга;

4) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүдө купуялыкка;

5) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүгө арызды кабыл алуудан жана жардам берүүдөн баш тартылганда ыйгарым укуктуу органга же сотко даттанууга.

2. Арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп саналган анык жана зарыл маалыматтарды өз убагында берүүгө;

2) арыз берүүгө негиз болгон жарандык, административдик жана/же жазыктык иш боюнча адвокаттын бар экендиги жөнүндө маалыматты өз убагында берүүгө.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-10)
