# 8-берене. Квалификациялуу юридикалык жардамды алууга укуктуу адамдар

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2022 года № 91 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2298/edition/1180024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111480/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 8-берене (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-8

---

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, жарандык, административдик жана жазыктын сот өндүрүшүнүн чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук жылдык кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү эң аз эмгек акысынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган доогерлерге, жоопкерлерге, шектүүлөргө, айыпталуучуларга, соттолуучуларга, соттолгондорго, акталгандарга, жабырлануучуларга, жашы жете элек күбөлөргө берилет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жылдык кирешесин эске албастан, квалификациялуу юридикалык жардам төмөнкүлөргө берилет:

1) адамдарга кармалган учурларда;

2) өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелгендерге, айыпталуучуларга, соттолуучуларга;

3) I жана II топтогу майыптуулугу бар адамдарга;

4) психикалык оорудан жабыркаган адамдарга;

5) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңдештирилген адамдарга;

6) жашы жете электерге - алардын кызыкчылыктарында, алардын ата-энелерине (камкорчуларына жана камкордукка алгандарга) - балдардын кызыкчылыктарында;

7) жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелерге;

8) энеси жок жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялаган адамдарга - балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга жана коргоого байланыштуу маселелер боюнча;

9) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;

10) мамлекеттик жатак-үйлөрдө жашаган кары-картаңдарга;

11) жазык-процесстик мыйзамдарда каралган башка учурларда.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-9)
