8-берене. Квалификациялуу юридикалык жардамды алууга укуктуу адамдар
Күчүн жоготкон · 10.08.2022 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 10 августа 2022 года № 91.
1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, жарандык, административдик жана жазыктын сот өндүрүшүнүн чөйрөсүндө квалификациялуу юридикалык жардам алууга укук жылдык кирешеси республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда жыл сайын белгиленүүчү эң аз эмгек акысынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаган доогерлерге, жоопкерлерге, шектүүлөргө, айыпталуучуларга, соттолуучуларга, соттолгондорго, акталгандарга, жабырлануучуларга, жашы жете элек күбөлөргө берилет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жылдык кирешесин эске албастан, квалификациялуу юридикалык жардам төмөнкүлөргө берилет:
1) адамдарга кармалган учурларда;
2) өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелгендерге, айыпталуучуларга, соттолуучуларга;
3) I жана II топтогу майыптуулугу бар адамдарга;
4) психикалык оорудан жабыркаган адамдарга;
5) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңдештирилген адамдарга;
6) жашы жете электерге - алардын кызыкчылыктарында, алардын ата-энелерине (камкорчуларына жана камкордукка алгандарга) - балдардын кызыкчылыктарында;
7) жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой энелерге;
8) энеси жок жашы жете элек баланы/балдарды тарбиялаган адамдарга - балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга жана коргоого байланыштуу маселелер боюнча;
9) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;
10) мамлекеттик жатак-үйлөрдө жашаган кары-картаңдарга;
11) жазык-процесстик мыйзамдарда каралган башка учурларда.
Берененин тексти 10.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111480/st-8" title="8-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>