# 6-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын түрлөрү

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2022 года № 91 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2298/edition/1180024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111480/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 6-берене (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-6

---

1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам консультациялык-укуктук жардам жана квалификациялуу юридикалык жардам түрүндө көрсөтүлөт.

2. Консультациялык-укуктук жардам төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:

1) укуктук маалымат;

2) укуктук маселелер боюнча консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүү;

3) арыздарды, даттанууларды жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзүү (буга процесстик мүнөздөгү документтер кирбейт);

4) жактын квалификациялуу юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жардам көрсөтүү;

5) укуктук жардамдын башка формалары.

3. Квалификациялуу юридикалык жардам жарандык, административдик жана жазыктык сот өндүрүшүнүн чөйрөсүндө төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:

1) укуктук маалымат;

2) укуктук маселелер боюнча консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүү;

3) процесстик мүнөздөгү арыздарды, даттанууларды, документтерди жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзүү;

4) жарандык, административдик жана жазыктык сот өндүрүшүнүн бардык стадияларында жарандык, административдик жана жазыктык иштер боюнча өкүлчүлүк кылуу жана/же коргоо.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-7)
