6-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын түрлөрү
Күчүн жоготкон · 10.08.2022 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 10 августа 2022 года № 91.
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам консультациялык-укуктук жардам жана квалификациялуу юридикалык жардам түрүндө көрсөтүлөт.
2. Консультациялык-укуктук жардам төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:
1) укуктук маалымат;
2) укуктук маселелер боюнча консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүү;
3) арыздарды, даттанууларды жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзүү (буга процесстик мүнөздөгү документтер кирбейт);
4) жактын квалификациялуу юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жардам көрсөтүү;
5) укуктук жардамдын башка формалары.
3. Квалификациялуу юридикалык жардам жарандык, административдик жана жазыктык сот өндүрүшүнүн чөйрөсүндө төмөнкүдөй түрдө көрсөтүлөт:
1) укуктук маалымат;
2) укуктук маселелер боюнча консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүү;
3) процесстик мүнөздөгү арыздарды, даттанууларды, документтерди жана укуктук мүнөздөгү башка документтерди түзүү;
4) жарандык, административдик жана жазыктык сот өндүрүшүнүн бардык стадияларында жарандык, административдик жана жазыктык иштер боюнча өкүлчүлүк кылуу жана/же коргоо.
Берененин тексти 10.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111480/st-6" title="6-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>