# 4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2022 года № 91 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2298/edition/1180024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111480/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 4-берене (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-4

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) - ушул Мыйзамга ылайык жеке жактарга көрсөтүлүүчү консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам;

2) консультациялык-укуктук жардам - Кыргыз Республикасынын укуктук тутуму, укук субъекттеринин укуктары жана милдеттери, укуктарды соттук жана соттон тышкаркы тартипте ишке ашыруу жана пайдалануу ыкмалары жөнүндө маалымдоо; укуктук маселелер боюнча консультацияларды берүү; укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардамдашуу; квалификациялуу юридикалык жардам аныктамасына жатпай турган жардамдардын башка формалары;

3) квалификациялуу юридикалык жардам - жарандык, административдик жана жазыктык сот өндүрүшүнүн бардык стадияларында жарандык, административдик жана жазыктык иштер боюнча адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарына мамлекеттин эсебинен өкүлчүлүк кылуу жана/же коргоо боюнча адвокаттын кесиптик иши;

4) арыз ээси - өзүнүн кызыкчылыктарында же башка жактардын кызыкчылыктарында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган жак;

5) алуучу - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекет кепилдеген юридикалык жардам берилген жеке жак;

6) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын тутуму - ушул Мыйзамга ылайык мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана жактар тарабынан мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүсүн жана көрсөтүүсүн уюштуруу.

Алардын өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

7) ыйгарым укуктуу орган - мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик орган;

8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор - мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү боюнча адистешкен мекеме;

9) координатор - квалификациялуу юридикалык жардам берүү максатында арыз ээси менен адвокаттын ортосундагы өз ара аракеттенүүлөрдү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-5)
