30-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Күчүн жоготкон · 10.08.2022 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 10 августа 2022 года № 91.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 227 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 737-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 3 айлык мөөнөттө Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду Адвокаттар кеңешинин ишин уюштуруу боюнча сунуштоолорду эске алуу менен түзсүн;
- ушул Мыйзамдын жоболорунун ишке ашырылышын камсыз кылуучу чараларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- жарандык жана административдик иштер боюнча жарандардын айрым категорияларына квалификациялуу юридикалык жардам берүү жаатында мыйзамдуу сунуштарды 2017-жылдын 1-январына чейин киргизсин;
- республикалык бюджетти иштеп чыгууда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумун каржылоо үчүн жетиштүү каражаттарды жыл сайын карасын;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун субъекттеринин өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартибин камсыз кылсын;
2) Адвокаттар кеңеши 3 айлык мөөнөттө:
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун ишин жүзөгө ашыруунун тартиби боюнча сунуштоолорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин формасын иштеп чыксын жана ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизсин;
- ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунун алкагында квалификациялуу юридикалык жардам берүүчү адвокаттардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн регистрин жүргүзүү тартибин жана формасын иштеп чыксын;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумуна катышуучу адвокаттарды тандоонун критерийлери жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Берененин тексти 10.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 314 токтомуПостановление · 31.05.2017 · № 314
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөЗакон · 17.07.2009 · № 227 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111480/st-30" title="30-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>