# 27-берене. Мамлекет кепилдеген квалификациялуу юридикалык жардамды каржылоо

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2022 года № 91 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2298/edition/1180024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111480/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 27-берене (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-27

---

1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды каржылоо мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.

Квалификациялуу юридикалык жардамды каржылоо мамлекеттик бюджетте өзүнчө сап менен көрсөтүлөт. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын иши квалификациялуу юридикалык жардамга каралган мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан каржыланат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Адвокаттар кеңешинин катышуусу менен адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифин жана тартибин бекитет.

3. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө акы төлөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Квалификациялуу юридикалык жардам жана анын өнүктүрүүгө байланышкан иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржыланышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-28)
