27-берене. Мамлекет кепилдеген квалификациялуу юридикалык жардамды каржылоо
Күчүн жоготкон · 10.08.2022 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 10 августа 2022 года № 91.
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды каржылоо мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
Квалификациялуу юридикалык жардамды каржылоо мамлекеттик бюджетте өзүнчө сап менен көрсөтүлөт. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын иши квалификациялуу юридикалык жардамга каралган мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан каржыланат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Адвокаттар кеңешинин катышуусу менен адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифин жана тартибин бекитет.
3. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө акы төлөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Квалификациялуу юридикалык жардам жана анын өнүктүрүүгө байланышкан иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан каржыланышы мүмкүн.
Берененин тексти 10.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 токтомуПостановление · 19.12.2018 · № 593
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111480/st-27" title="27-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>