# 23-берене. Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастоо тартиби

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2022 года № 91 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2298/edition/1180024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111480/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 23-берене (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-23

---

1. Квалификациялуу юридикалык жардам алууга адамдын укугун ырастаган документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Ушул Мыйзамдын 8-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга карата адвокат дайындалган учурдан тартып 3 күндөн кечиктирбестен координатор арыз ээсинин жана/же алуучунун кирешесинин деңгээлин ырастоо үчүн социалдык фонддун органдарына, салык органдарына, башка уюмдарга жана мекемелерге суроо-талаптарды жөнөтөт.

3. Суратылып жаткан маалымат координаторго 10 жумушчу күндүн ичинде бекер негизде берилет. Суратылып жаткан маалымат берилбеген жана/же өз убагында берилбегенде кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-24)
