# 21-берене. Квалификациялуу юридикалык жардам берүү тутумуна Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын катышуусу

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2022 года № 91 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2298/edition/1180024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111480/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 21-берене (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-21

---

1. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы квалификациялуу юридикалык жардам берүү тутумуна төмөнкүдөй жолдор менен катышат:

1) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин формасын иштеп чыгуу;

2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумуна катышуучу адвокаттарды тандоо критерийлери жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү;

3) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттардын ишинин сапатынын жана бааланышын стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;

4) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын эмгегине акы төлөө тарифтерин жана шарттарын иштеп чыгуу;

5) квалификациялуу юридикалык жардам берүүчү адвокаттардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн регистрин жүргүзүүнүн тартибин жана формасын жана маалыматтарды сактоо мөөнөтүн ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте иштеп чыгуу;

6) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын ишинин мониторинги;

7) аймактык адвокатуралардын Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор жана анын аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүүлөрү;

8) ушул Мыйзамга жана адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка иш-милдеттерди аткаруу.

2. Ыйгарым укуктуу органдын сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы адвокаттар кесиптик этиканын эрежелерин бузгандыгы жөнүндө арыздарды жана даттанууларды карайт.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-22)
