# 20-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2022 года № 91 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2298/edition/1180024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111480/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 20-берене (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-20

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборду түзөт жана анын укуктук статусун, ал тарабынан иштерди жүзөгө ашыруу тартибин Адвокаттар кеңешинин сунуштарын эске алуу менен аныктайт.

2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун координаторлору арыз берүүчүлөрдүн жана мындай жардамды көрсөтүүчү адвокаттардын ортосундагы өз ара аракеттенүүлөрдү камсыз кылат.

3. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун координаторунун иш-милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө арыздарды кароо;

2) юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттарды дайындоо;

3) арыз ээсинин кирешесинин деңгээлин ырастоо үчүн маалыматтарды чогултуу;

4) юридикалык жардам берүү, андан баш тартуу жана токтотуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгаруу;

5) жер-жерлерде адвокаттардын кезметчилигинин графигин түзүү жана жүргүзүү;

6) белгиленген тартипте мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын ишинин мониторинги;

7) ушул Мыйзамга ылайык башка иш-милдеттер.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-21)
