# 19-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестри

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2022 года № 91 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2298/edition/1180024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111480/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 19-берене (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-19

---

1. Ыйгарым укуктуу орган квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө укуктуу болгон Адвокаттардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт.

2. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестри кагаз жана электрондук формаларда түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат.

3. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн адвокат ыйгарым укуктуу органга арыз берет.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-20)
