# 17-берене. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимди токтото туруу жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестринен адвокатты чыгаруу жөнүндө келишимди токтото туруу үчүн негиздер

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2022 года № 91 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2298/edition/1180024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111480/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 17-берене (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-17

---

1. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин колдонулушу ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда токтото турулушу мүмкүн:

1) адвокат тарабынан арыз берилгенде;

2) адвокатка карата сотко чейинки өндүрүш болгондо.

2. Адвокат квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестринен ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда чыгарылат:

1) адвокат арыз бергенде;

2) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим бузулганда;

3) адвокат адвокаттык иш менен алектенүү укугунан ажыратылганда;

4) адвокат каза болгондо.

3. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестринен чыгаруу жөнүндө чечим адвокат тарабынан сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-18)
