# 15-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунда адвокат тарабынан квалификациялуу юридикалык жардам кызмат көрсөтүүлөрүнүн регистри

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2022 года № 91 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2298/edition/1180024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111480/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 15-берене (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-15

---

1. Квалификациялуу юридикалык жардам берүүчү адвокат ага өткөрүлүп берилген иштердин негизинде же ага байланыштуу аткарылган бардык аракеттердин жазуу жүзүндөгү далилдерин сактоого милдеттүү.

2. Адвокат квалификациялуу юридикалык жардам кызмат көрсөтүүлөрүнүн регистрин (мындан ары - регистр) жүргүзүүгө милдеттүү, ага юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдын жеке маалыматтары, күнү, орду, тараптар, башка зарыл маалыматтар, аракеттерди аткарууга кетирилген сааттардын саны жана башка маанилүү көрсөтмөлөр көрсөтүлүү менен жүргүзүлгөн процесстик аракеттер киргизилет. Адвокат регистрге бардык аракеттерди алар аткарылган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен киргизүүгө милдеттүү.

3. Регистрдин тартиби, формасы жана маалыматтарды сактоо мөөнөтү Адвокаттар кеңеши менен бирдикте иштелип чыгылат жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

4. Адвокаттар жыл сайын же ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча квалификациялуу юридикалык жардам кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалымат беришет.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-16)
