15-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумунда адвокат тарабынан квалификациялуу юридикалык жардам кызмат көрсөтүүлөрүнүн регистри
Күчүн жоготкон · 10.08.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 10 августа 2022 года № 91.
1. Квалификациялуу юридикалык жардам берүүчү адвокат ага өткөрүлүп берилген иштердин негизинде же ага байланыштуу аткарылган бардык аракеттердин жазуу жүзүндөгү далилдерин сактоого милдеттүү.
2. Адвокат квалификациялуу юридикалык жардам кызмат көрсөтүүлөрүнүн регистрин (мындан ары - регистр) жүргүзүүгө милдеттүү, ага юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдын жеке маалыматтары, күнү, орду, тараптар, башка зарыл маалыматтар, аракеттерди аткарууга кетирилген сааттардын саны жана башка маанилүү көрсөтмөлөр көрсөтүлүү менен жүргүзүлгөн процесстик аракеттер киргизилет. Адвокат регистрге бардык аракеттерди алар аткарылган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен киргизүүгө милдеттүү.
3. Регистрдин тартиби, формасы жана маалыматтарды сактоо мөөнөтү Адвокаттар кеңеши менен бирдикте иштелип чыгылат жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
4. Адвокаттар жыл сайын же ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча квалификациялуу юридикалык жардам кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалымат беришет.
Берененин тексти 10.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111480/st-15" title="15-берене - Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>