# 13-берене. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн тартиби

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2022 года № 91 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2298/edition/1180024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111480/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 13-берене (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-13

---

1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнүн субъекттери катары адвокаттар ушул Мыйзамда, "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда жана тартипте чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана качкындарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт.

2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүүгө адвокаттардын катышуусу областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнү координациялоо боюнча борбор менен өз ара аракеттенген аймактык адвокатуралары тарабынан камсыз кылынат.

Айылдык калктуу конуштарда адвокаттар мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүшү областтардын тиешелүү аймактык адвокатуралары тарабынан Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борбордун аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракетте камсыз кылынат. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү тутумуна катышкан адвокаттарды тандоо критерийлери жөнүндө жобо Адвокаттар кеңеши тарабынан иштелип чыгат жана анын чечими менен бекитилет.

3. Областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактык адвокатуралары мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү тутумуна катышкан адвокаттардын тизмесин Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун аймактык бөлүмдөрүнө жыл сайын жөнөтөт.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү тутумуна катышкан адвокаттардын тизмелери ыйгарым укуктуу органдын жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын расмий интернет-сайттарына жайгаштырылат.

4. Ыйгарым укуктуу орган квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө адвокаттар менен келишимди жыл сайын түзөт.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-14)
