# 12-берене. Консультациялык-укуктук жардам берүүнүн тартиби

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2022 года № 91 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2298/edition/1180024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111480/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 12-берене (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-12

---

1. Мамлекеттик органдардын (мыйзам чыгаруу органынын, аткаруу жана сот бийлигинин органдарынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызмат адамдары тарабынан алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча оозеки жана жазуу жүзүндө укуктук консультация жана түшүндүрмө түрүндө жана жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте консультациялык-укуктук жардам берилет.

2. Адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамда каралган консультациялык-укуктук жардамдын бардык түрлөрү берилет.

3. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу түзө алат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-13)
