# 11-берене. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдарды берүүчү жана көрсөтүүчү субъекттер

- Документ: [Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111480)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 201 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2022 года № 91 "О гарантированной государством юридической помощи"](https://aqlex.ai/kg/doc/112412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2298/edition/1180024/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111480/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө, 11-берене (10.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-11

---

1. Консультациялык-укуктук жардам төмөнкүлөр тарабынан берилет:

1) мамлекеттик органдардын (мыйзам чыгаруу органынын, аткаруу жана сот бийлигинин органдарынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин тиешелүү кызмат адамдары;

2) адвокаттардын жардамчылары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык клиникалар жана жеке жактар.

2. Квалификациялуу юридикалык жардам квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестрине киргизилген адвокаттар тарабынан көрсөтүлөт, аны жүргүзүүнү ыйгарым укуктуу орган жана ыйгарым укуктуу орган менен келишим түзгөндөр жүзөгө ашырат.

Келишимде мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнүн сапатынын стандарттары камтылууга тийиш. Анын формасы Адвокаттардын кеңеши тарабынан иштелип чыгылат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111480/st-12)
