1-берене
Күчүндө · 20.10.2021 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 672-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 18-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мыйзамда каралган, мамлекет тарабынан кепилдик берилген алкактарда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн ага адвокат дайындалган учурларды кошпогондо, юридикалык жардам үчүн кайрылган адам адвокат тандоодо эркин. Мамлекет тарабынан кепилдик берилген квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын эмгегине акы төлөө мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.";
б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Адвокаттардын мамлекеттик реестри
1. Адвокаттардын мамлекеттик реестрин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги кагаз жана электрондук формаларда жүргүзөт жана өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
2. Адвокаттардын мамлекеттик реестри адвокаттын фамилиясын, атын, атасынын атын, анын дарегин, лицензия берилген датаны, лицензиянын номерин, Адвокатурага кирүү датасын, адвокаттык мекеменин аталышын жана юридикалык дарегин, белгиленген тартипте даярдалган мөөрүнүн үлгүсүн камтууга тийиш. Реестрде белгиленген ар кандай өзгөртүүлөр бир айдын ичинде адвокаттар тарабынан Юстиция министрлигине жана Адвокатурага маалымдалууга тийиш.
3. Мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумунун алкактарында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестрин ыйгарым укуктуу орган кагаз жана электрондук формаларда жүргүзөт жана өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
4. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн адвокат ыйгарым укуктуу органга арыз берет.";
3) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 231-берене менен толукталсын:
"231-берене. Адвокатуранын мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумунун алкактарында квалификациялуу юридикалык жардам берүүгө катышуусу Адвокатура квалификациялуу юридикалык жардам берүү тутумунда төмөнкү жолдор менен катышат:
1) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдин формасын иштеп чыгуу;
2) мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам тутумуна катышуучу адвокаттарды тандап алуунун критерийлери жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү;
3) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын ишинин сапатынын жана баалоо стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;
4) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын эмгегине акы төлөө тарифтерин жана шарттарын иштеп чыгуу;
5) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн регистрин жүргүзүүнүн тартибин жана формасын жана маалыматтарды сактоо мөөнөтүн ыйгарым укуктуу орган менен биргелешип иштеп чыгуу;
6) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын ишинин мониторинги;
7) ушул Мыйзамга жана мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык башка иш-милдеттерди аткаруу.";
4) 24-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) мыйзамда белгиленген мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардамдын алкактарында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтөт.";
5) 27-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Адвокатура жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу түзүшү мүмкүн.".
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 135
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111475/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>