Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
54-берене. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138.
1. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектеби тарабынан жүзөгө ашырылат. Судьянын кызмат ордуна талапкер болгон адамдар бир жылга чейинки мөөнөттөгү күндүзгү окуудан өтүүгө тийиш, аны аяктагандан кийин квалификациялык экзамен өткөрүлөт.
2. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуудан өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Жогорку соттун төрагасы жана Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.";
2) 15-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтары "улуу эмес," деген сөздөрдөн кийин "Юриспруденция" адистиги боюнча" деген сөздөр; "жана юридикалык" деген сөздөрдөн мурда "же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордун ээлөөгө биринчи жолу талапкер болгон жана судьялык иш стажы жок адамдарга, ошондой эле судьялык иш стажы бар адамдарга, мында алардын конкурска катышууга берген арызы менен адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуунун мөөнөтү он жылдан ашса, төмөнкүдөй кошумча талап белгиленет - талапкерлерди окутуунун натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болушу.";
в) 9-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) кылмыш жасоого шектелгендер же айыпталгандар же болбосо аларга карата реабилитациялабоочу негиздер боюнча жазык куугунтуктоосу токтотулгандар;";
3) 17-беренеде:
а) 1-бөлүгү "улуу эмес," деген сөздөрдөн кийин "Юриспруденция" адистиги боюнча" деген сөздөр; "жана юридикалык" деген сөздөрдөн мурда "же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) кылмыш жасоого шектелгендер же айыпталгандар же болбосо аларга карата реаблитациялабоочу негиздер боюнча жазык куугунтуктоосу токтотулгандар;";
4) 19-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту "жогорку юридикалык билими" деген сөздөрдөн мурда "Юриспруденция" адистиги боюнча" деген сөздөр; "жөнүндө дипломунун" деген сөздөрдөн мурда "же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими" деген сөздөр менен толукталсын;
5) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 211-берене менен толукталсын:
"211-берене. Конкурстук тандоо
1. Конкурстук тандоо - бул юридикалык билимдин жогорку деңгээлине ээ, Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына сунуштоо үчүн инсандык, квалификация жана жүрүм-турум талаптарына жооп берген адамдарды табуу максатында көз карандысыз коллегиялуу орган - Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылуучу процесс.
Конкурстук тандоо маанилүү кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарды аныктоо үчүн аңгемелешүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Аңгемелешүүгө төмөнкүлөр киргизилет:
1) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап калган, иштеп жаткан судьялар;
2) судьялык иш стажы бар адамдар, мында алардын конкурска катышууга берген арызы менен адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуу мөөнөтү он жылдан ашпагандар;
3) экзамен тапшыруунун натыйжалары боюнча сертификат алган адамдар.
2. Аңгемелешүүгө киргизүүдө Судьяларды тандоо боюнча кеңеш төмөнкүлөрдү иликтейт:
1) талапкерлердин документтерин жана алардын мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун;
2) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларын;
3) талапкердин жүрүм-турумунун кынтыксыздыгын тастыктоочу башка маалыматты (талапкерге пикирлерди, сунуштамаларды).
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерге карата декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларын суратып алууга милдеттүү. Документтерди иликтөөнүн натыйжалары боюнча Судьяларды тандоо боюнча кеңеш талапкерди конкурстук тандоого киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Талапкерди киргизүү жөнүндө чечим ачык добуш берүү менен Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.
3. Аңгемелешүү Судьялар кеңеши аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
Аңгемелешүүнүн суроолору Судьялар кеңеши тарабынан жыл сайын бекитилет жана Судьяларды тандоо боюнча кеңештин расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
4. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан сунушталган талапкерлердин тизмеси Президентке сунуштоо же дайындоо үчүн конкурстук тандоодон өтүүдө алган баллдарына ылайык кемүү иретинде түзүлөт.
Конкурстун жыйынтыктары боюнча баллдардын эң көп санын алган талапкерлер Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан бош орундарга барабар санда сунуштоо же дайындоо үчүн Президентке сунуштамаланат. Конкурстук тандоодон өткөн, бирок Президентке сунуштамаланбаган талапкерлер талапкерлердин тизмесинде калтырылат. Тиешелүү тизмеден талапкерлерди сунуштамалоо алган баллдарынын санына жараша, кезектүүлүк тартибинде ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Талапкерлер аларды Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Президентке сунуштамаланганына жараша талапкерлердин тизмесинен чыгарылат. Талапкерлердин тизмеси мурда сунушталган бардык талапкерлер дайындалган же шайланган, судьялардын бардык бош кызмат орундары толтурулган же болбосо көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурларда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан таратылат. Конкурстук тандоонун бардык материалдары талапкердин өздүк делосуна тиркелет. Конкурска катышкан талапкерлердин өздүк делолору кайтарылып берилбейт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат.".
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111474/st-54" title="54-берене - Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>