# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111474)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111474/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2292/edition/1103188/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111474/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111474/st-2

---

1. Ушул конституциялык Мыйзам "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкактарында судьялык корпусту түзүү аяктаган күндөн тартып күчүнө кирген ушул конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 5-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул конституциялык Мыйзамдын судьялардын кызмат ордуна талапкерлер үчүн билимине карата талаптарды белгилөө бөлүгүндөгү ченемдери ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген учурда "Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку билими же "Юриспруденция" багыты боюнча "магистр" академиялык даражасы бар, бирок тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы болбогон адамдарга жайылтылбайт.

3. Ушул конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 5-пункту күчүнө кирген күндөн тартып "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 конституциялык Мыйзамынын 21-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын; 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында жана 18-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "21" деген цифра "21-1" деген цифрага алмаштырылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111474/st-54)
