# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111474)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 8-декабрындагы № 194 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 138 "О статусе судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112311)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111474/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2292/edition/1103188/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111474/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111474/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 53 жана 54-беренелер менен толукталсын:

"53-берене. Судьялардын квалификациясын жогорулатуу

1. Судья квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.

Судьялардын квалификациясын жогорулатуу бул мезгилге эмгек акысын сактоо менен, үч жылда бир жолудан кем эмес, окуу программаларына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Судьянын квалификациясын жогорулатуудан өтүүсүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Жогорку соттун төрагасы жана Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.

3. Судьялардын квалификациясын жогорулатуу республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

---

Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111474/st-54)
