# КР 2016-жылдын 3-декабрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 3-декабрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2290/edition/756961/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 3-декабрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (03.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111472

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 3-декабры № 193 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111472/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

## 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 281-берене менен толукталсын:

"281-берене. Жазык иши реабилитациялоочу негиздер боюнча токтотулганда же актоо өкүмү чыгарылганда акчалай төлөмдөр

1. Депутат өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн кармалганда жана ага карата камакка алуу же болбосо үй камагына алуу - бөгөт коюу чарасы тандалганда, алардын шарттары боюнча депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу мүмкүн болбогондо, эмгек акы төлөө камакка алынган же болбосо үй камагы колдонулган күндөн тартып токтотула турат. Жазык иши реабилитациялоочу негиздер боюнча токтотулган же актоо өкүмү чыгарылган учурда, эмгек акы төлөө токтотула турган учурдан тартып жүргүзүлөт.

2. Жогорку Кеңеш депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергенде жана сот ага карата камакка алуу же болбосо үй камагына алуу - бөгөт коюу чарасын тандаганда, алардын шарттары боюнча депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу мүмкүн болбогондо, эмгек акы төлөө камакка алынган же болбосо үй камагы колдонулган күндөн тартып токтотула турат. Жазык иши реабилитациялоочу негиздер боюнча токтотулган же актоо өкүмү чыгарылган учурда, эмгек акы төлөө токтотула турган учурдан тартып жүргүзүлөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111472/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент Кыргызской Республики

А.Ш. Атамбаев
