# КР 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 191 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 191 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111470>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2288/edition/758194/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111470.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 191 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (29.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111470

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 29-ноябры № 191 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111470/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 31-берененин 3-бөлүгүндө "Ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон Жогорку Кеңештин депутаты" деген сөздөр "Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон адам" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 36-беренеде:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Жогорку Кеңештин депутатына эмгек өргүүсү сессия аяктагандыгы боюнча берилет.";

б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жумуш стажы жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык болсо, акы төлөнүүчү өргүүсү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө көбөйөт. Окумуштуулук даражасы жана илимий наамы болсо, эмгек өргүүсү "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111470/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
