# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111467)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 188 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111467/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2285/edition/856748/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111467/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111467/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 55-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:

"18) ата-эне же аны алмаштырган адам, ага тете мыйзам менен аларга жаш балдарга көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу милдеттери жүктөлгөн тарбиялоо, дарылоо, калкты социалдык коргоо жана башка ушундай мекемелер жаш балага карата кылмыш жасагандыгы.";

2) 102-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(2) Ошол эле жосун күнөөлүүгө материалдык же башка жагынан көз каранды болгон жаш балага же болбосо адамга карата жасалганда, - үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

3) 104-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

"11) алсыз абалда экендиги күнөөлүүгө белгилүү болгон адамга же жаш балага карата жасалганда, -";

4) 105-статьянын 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) жабырлануучуну мазактоо же кыйноо менен, ошого тете күнөөлүүгө алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамга же жаш балага карата;".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111467/st-2)
