1-берене
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 55-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18) ата-эне же аны алмаштырган адам, ага тете мыйзам менен аларга жаш балдарга көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу милдеттери жүктөлгөн тарбиялоо, дарылоо, калкты социалдык коргоо жана башка ушундай мекемелер жаш балага карата кылмыш жасагандыгы.";
2) 102-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Ошол эле жосун күнөөлүүгө материалдык же башка жагынан көз каранды болгон жаш балага же болбосо адамга карата жасалганда, - үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
3) 104-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) алсыз абалда экендиги күнөөлүүгө белгилүү болгон адамга же жаш балага карата жасалганда, -";
4) 105-статьянын 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жабырлануучуну мазактоо же кыйноо менен, ошого тете күнөөлүүгө алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамга же жаш балага карата;".
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111467/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>