# КР 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 182 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 182 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111461>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2279/edition/1150464/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111461.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 182 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111461

---

КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 18-ноябры № 182 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111461/st-1)

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 327-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы кырк биринчи жана кырк экинчи абзацтар менен толукталсын:

"маданият жана искусство жагындагы чыгармачылык иш-аракет - адамдын чындыкты таанууга жана аны кайра жаратууга жана жаңы, оригиналдуу, мурда эч качан болуп көрбөгөн маданий баалуулуктарды түзүүгө багытталган аң-сезимдүү, жигердүү ишмердүүлүгү; маданият жана искусство жагындагы чыгармачылык долбоор - коомдук-саясий уникалдуулугу жана турмушка ашыруу мүмкүнчүлүгү менен айырмалануучу маданият жана искусство чөйрөсүндөгү туундуну же тейлөөнү түзүүгө багытталган кандайдыр бир формага камтылган ой, идея, образ;";

2) 21-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:

"51) искусство жана маданият жагындагы чыгармачылык долбоорду же болбосо чыгармачылык иш-аракет үчүн сатып алууларды жүзөгө ашырууга;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111461/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
