5-берене
Күчүндө · 17.11.2016 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 3-бөлүгү "региондук органдары" деген сөздөрдөн кийин "жана ведомстволук мекемелери" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 2-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында ", толук көлөмүндө" деген сөздөр алып салынсын;
3) 3-статьяда:
а) 1-бөлүгүнүн жыйырманчы абзацында "мамлекеттер аралык жана эл аралык келишимдер менен макулдашууларды" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө:
бешинчи абзацы "пенсиялар" деген сөздөн кийин ", пенсиялык топтоо каражаттары" деген сөздөр менен толукталсын; жыйырма биринчи жана жыйырма экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- камсыздандырылган адамдын пенсиялык активдерин анын арызы боюнча пенсиялык топтоо фонддоруна жиберүүгө;
- пенсиянын топтоо бөлүгүн жана пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүүнү жүргүзүүгө;";
в) 4-бөлүгүндө "карама-каршы келбеген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат" деген сөздөр "карама-каршы келбеген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын";
4) 4-статьянын 1-бөлүгүндө:
а) экинчи абзацында "топтоочу бөлүккө түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн" деген сөздөр "Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондго түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча операциялардан алынган инвестициялык кирешеден" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук чегербегендиги үчүн туумдардан, айыптардан жана пайыздардан;";
в) он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
г) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- Социалдык фондго ыкчам башкаруу укугунда таандык мүлктү ижарага берүүдөн алынган кирешелер, толук көлөмдө;";
5) 9-статьянын 3-бөлүгүндө:
а) бешинчи абзацында "мыйзамдардын" деген сөз "ченемдик укуктук актылардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) онунчу абзацында "ченемдик актыларды" деген сөздөр "локалдык ченемдик актыларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 11-статьяда:
а) аталышында "мүлкү" деген сөздөн кийин "жана акчалай каражаттары" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүгү "салык" деген сөздөн кийин ", салыктык эмес төлөмдөр" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 17.11.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 07.02.2022 · № 51 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111457/st-5" title="5-берене - Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>