# 2-берене

- Документ: [Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111457)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 17.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111457/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2275/edition/968382/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111457/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (17.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111457/st-2

---

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер каралган учурларда, ошол эл аралык келишимдер менен белгиленген эрежелер колдонулат.";

2) 5-статьянын 1-пунктунда "уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жактардын, алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмчөлөрүнүн (филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн), дыйкан (фермер) чарбаларынын, жеке адамдардын" деген сөздөр "төлөөчүлөрдүн" деген сөзгө алмаштырылсын;

3) 34-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасында "туура" деген сөз "анык" деген сөзгө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111457/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111457/st-3)
