1-берене
Күчүндө · 17.11.2016 редакциясы
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) биринчи абзацы "субъект) жана" деген сөздөрдөн кийин "алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрү (филиалдары, өкүлчүлүктөрү)," деген сөздөр менен толукталсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында каттоо - жеке жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын маалыматтарынын негизинде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр катары мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу субъекттерин эсепке алуу.";
в) он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тууралуу келишим камсыздандырылган адамдын пайдасына топтолуучу пенсиялык фонд менен камсыздандырылган адамдын ортосундагы макулдашуу, ага ылайык топтолуучу пенсиялык фонд пенсиялык негиздер келип чыкканда камсыздандырылган адамга пенсиянын топтолуучу бөлүгүн дайындоону жана төлөп берүүнү жүзөгө ашырууга милдеттүү.";
2) 4-статьяда "нормативдик-укуктук" деген сөздөр "ченемдик укуктук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-статьяда:
а) үчүнчү абзацында "жеке ээлик кылуучулар, өз алдынча иштегендер, жеке практикада иштегендер, чыгармачыл кызматкерлер" деген сөздөр "жеке ишкерлер жана жеке жактар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзацында "мамлекеттер аралык макулдашууларда (келишимдерде)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) алтынчы абзацында "жалдануу боюнча жумушка жиберилген Кыргыз Республикасынын граждандары - Кыргыз Республикасы менен алар жүргөн өлкөнүн ортосундагы кош тараптуу макулдашуулардын (келишимдердин) негизинде" деген сөздөр "жумушка жиберилген Кыргыз Республикасынын граждандары - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 9-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацында "пенсиялык келишим" деген сөздөр "милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу тууралуу келишим" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 12-статьяда "нормативдик-укуктук" деген сөздөр "ченемдик укуктук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 17-статьянын 1-бөлүгүндө "нормативдик-укуктук" деген сөздөр "ченемдик укуктук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 21-статьянын 2 жана 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 22-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "(магниттик жазуу же байланыш каналы боюнча)" деген сөздөр алып салынсын;
9) 23-статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацы "подряд," деген сөздөн кийин "акы төлөп кызмат көрсөтүүлөр," деген сөздөр менен толукталсын;
10) 24-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө "өткөн ай үчүн эмгек акыга каражаттарды банк мекемелеринен алган мөөнөттөрдө, бирок" деген сөздөр "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында катталган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептешүү эсебине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
11) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 241-статья менен толукталсын:
"241-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарында каттоо Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдары төмөнкүлөрдү каттоону жүзөгө ашырат: юридикалык жактарды - жайгашкан жери (юридикалык дареги) боюнча; юридикалык жактардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүн (филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн) - ишин жүргүзгөн жери боюнча; жеке жактарды - жашаган же экономикалык ишин жүргүзгөн жери боюнча.";
12) 26-статьяда:
а) 1-бөлүгү "Камсыздандыруучулар" деген сөздөн кийин "жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн камсыздандырылган адамдар (жеке ишкерлер жана жеке жактар)" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүндө:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Камсыздандыруучуларга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн камсыздандырылган адамдарга (жеке ишкерлер жана жеке жактар) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине төгүмдөрдү жана башка төлөмдөрдү өз убагында же толук төлөбөгөндүгү үчүн төмөнкүдөй учурларда үстөктөр жана айып акылар кошуп эсептелет;"; экинчи абзацы "өлчөмүндө" жана "өлчөмдө" деген сөздөрдөн кийин "айып акы" деген сөздөр менен толукталсын; үчүнчү абзацында "ведомостторун бербегенде (же кечиктиргенде) - мурдагы отчеттук жылдын ичинде түзүлгөн, кийин кайра эсептелген төлөмдөрдүн суммасынын 25 проценти өлчөмүндө" деген сөз "ведомостторун календардык жылдын ичинде эки жолудан ашык бербегенде (же кечиктиргенде) - мурдагы отчеттук жылдын ичинде түзүлгөн, кийин кайра эсептелген төлөмдөрдүн суммасынын 25 проценти өлчөмүндө айып акы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 28-статьяда:
а) 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "нормативдик-укуктук" деген сөздөр "ченемдик укуктук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "нормативдик-укуктук" деген сөздөр "ченемдик укуктук" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 17.11.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111457/st-1" title="1-берене - Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>